Кариб деңизинин Колумбияга чукул жеринде 20 мигрант түшкөн кайык чөгүп кеткенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, бир адам каза болуп, төртөө дайынсыз жоголгон. Ал эми 15 азиялык куткарылган.
Аман калгандар Колумбия, Эквадор, Иран, Никарагуа, Казакстан жана Венесуэланын жарандары экенин жана дайынсыз жоголгондорду издөө иштери жүрүп жатканын Колумбиянын аскер кызматкерлери журналисттерге билдиришкен. Куткарылгандардын алтоо жашы жете элек балдар экени такталган. Алардын экөө казакстандык, үчөө венесуэлалыктар болсо, ал эми бир адамдын жарандыгы аныктала элек.
Кайык Колумбиянын Сан-Андрес жана Провиденсия аралдарына жакын жерде, Никарагуа мамлекетинин чыгышында чөгүп кеткен.
Өлкө бийлиги мигранттар Америкага мыйзамсыз кирүү үчүн Колумбия менен Панаманын ортосундагы чытырман токойлорду (жунглини) аралагандан качып, негизинен ушул жолду тандап жатышканын айткан.