Президент Жалал-Абаддагы өкүлү менен транспорт министринин ордун алмаштырды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ал эми Транспорт министрлигин жетектеген Тилек Текебаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан