Шакиев онунчу БРИКС парламенттик форумуна катышты

Бүгүн, 11-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан онунчу БРИКС парламенттик форумуна катышты.

Иш-чарада эл аралык алакаларды арттырууда парламенттердин ролу тууралуу кеңири баяндама жасаган төрага БРИКС+ форматында уюштурулуп жаткан форум кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

БРИКС глобалдык маселелерди чечүүгө умтулган, көп полярдуу дүйнө идеясын, теңдик жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү максатын көздөгөн уюм катары белгилүү. Андыктан БРИКС+ форматына катышуу Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына толугу менен шайкеш келет. Биз көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууга, көптөгөн тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди ал.

Муну менен катар парламенттик институттар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинен Кыргызстанда да элдин кызыкчылыктарын коргогон мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарылышын көзөмөлдөгөн негизги мамлекеттик орган экенин айткан Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеште жасалып жаткан иштерге да учкай токтолду.

Белгилей кетсек, онунчу БРИКС парламенттик форумуна 16 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан