Акылбек Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Орусиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына болгон иш сапары аяктады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы «Технологиялык өнөктөштүк: келечектин имиджин калыптандыруу» темасындагы INNOPROM-2024 өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.

Акылбек Жапаров иш-чаранын негизги стратегиялык жыйынында сөз сүйлөп, башка өкмөт башчылары менен бирге Кыргызстандын павильонуна барды.

Андан кийин Красноярск шаарына барып, Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен бирге соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынын жана XI кыргыз-орус региондор аралык конференциясын өткөрдү.

Өкмөттөр аралык комиссия жана Аймактар аралык конференция бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюу менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан