Түркия Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болууну каалайт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган НАТОнун Вашингтондогу саммитинин маалымат жыйынында билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июлдан 11-июлга чейин Вашингтондо өткөн НАТОнун саммити аяктагандан кийин журналисттерге маек курган.
"Түркиянын максаты - ШКУга толук кандуу мүчө болуу. Түркия Шанхай бештигине кирүүгө умтулууда", - деди Эрдоган.
Түрк лидеринин айтымында, ал буга чейин Орусия жана Кытайдын жетекчилери менен бул маселени талкуулаган. Ал белгилегендей, азыр анын өлкөсү ШКУда байкоочу статуска ээ.