Европа дүйнөнүн башка аймактарына караганда болжол менен эки эсе тез жылып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Катуу ысык Европанын борбордук жана түштүк аймактарында температуранын 40 градуска чейин көтөрүлүшүнө алып келди.
Бийлик Италияда, Румынияда жана башка өлкөлөрдө этият болууну, сууну көп ичүүнү жана күндүн эң ысык маалында көчөгө чыкпоону эскерткен.
Кечээ, 11-июлда Италиянын өкмөтү жети шаарда, негизинен өлкөнүн борбордук аймактарында, түндүк-чыгыштагы Рим жана Триестте “кызыл” кооптуу деңгээлди жарыялады.
Эксперттердин айтымында, климаттын техногендик өзгөрүшү температуранын кескин өзгөрүшүнө, күтүүсүз бороон-чапкындарга жана ысык толкундарга алып келүүдө.