Ташиев бийликти басып алууга аракет кылгандардын планы кандай болгонун айтты

Бүгүн, 12-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга маек берип, жакында бийликти күч менен басып алууну пландаганга шектелип кармалгандар тууралуу айтты.

Ташиев кармалган топко тышкы күчтөрдүн тиешеси бар-жогу тергөө аяктаганда билинерин белгиледи.

"Бирок булар эмне максатты көздөгөнүн үстүртөн айтып өтсөм болот. Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришти, аларды кайда катышты, мунун баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын өткөндө жүз берген окуяларды шылтоо кылып, элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Пландарын аткаргандан кийин ошол эле аскер кийимдерин чечип, "мына биз эл тарапка өттүк" деп жарыялашмак. Ошентсе эле "өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет" деген чолок пландары болгон", - деди ал.

Эске салсак, 5-июлда УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен 5 адам кармалганын кабарлаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан