Бүгүн, 12-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча айтылып жаткан сындарга жооп берди.
Ал "бул жол салынбай калса өлкөнүн улуттук коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн" экендигин айтты.
"Бул жол салынышы керек. Бул долбоор Кыргызстандын түбөлүгү үчүн аба менен суудай керек. Бул долбоорго акылы жок же алысты көрө албагандар эле каршы чыкпаса, акылы тунук кыргызстандыктар каршы чыкпайт", - деди Ташиев.
Атайын кызматтын төрагасы бул долбоорду ишке ашыруу маселеси Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир нече жолу көтөрүлүп, бирок ар кандай себептер менен башталбай келгенин белгиледи.
"Президентибиз Садыр Нургожоевич бардык тараптардын тилин таап, баштап кетти. Бул жол бүтсө дүйнөнүн эшиги мамлекетибиз үчүн ачык болот. Туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикабызда ИДПнын өсүшү бүгүн 8,1 пайыз болуп жатса, бул жол бүткөндөн кийин мындан да жогору болот", - деди ал.
Ошондой эле Ташиев экологияга зыян келтирбөө үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат деп ишендирди. Айтымында, 15ке жакын тоннель тешилет.
"Телеграмм каналга чагымчыл материал салып жаткандардын максаты башка. Ошону жалпы эл-журт билип алыш керек. Бул жолдун курулушуна ичи ачышып жаткан тышкы күчтөр жок эмес. Эгер кимде-ким каршы чыкса, ал ошол тышкы күчтөрдүн буйрутмасын аткаргандар деп билсек болот. Ошондуктан кандайдыр бир провокация болсо дүрбөп чыгардан мурда жети өлчөп бир кескиле дейт элем", - деди Камчыбек Ташиев.