Акылбек Жапаров реконструкция иштери жүрүп жаткан “Ала-Тоо” аянтына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен да таанышты.

Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айында бүтүрүү пландалып жаткандыгы айтылды.

Ошондой эле Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, айлананы жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкекте иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери да талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан