Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчу Америка Кубогунда Аргентина үчүн акыркы оюнун өткөрөт.
Турнир АКШда өтүп жатат. Жекшемби күнү финалда Аргентина Колумбия менен беттешет.
"Мен азыркы учурдан ырахат алып жатам. Кайрадан финалга чыгуу, чемпиондук наам үчүн күрөшүү оңойго турбайт. Бул беттеш Америка Кубогундагы акыркы беттешим", - деген Лионель Месси.
Лионель Месси учурда 37 жашта. 2005-жылы Аргентинанын курамында дебют жасаган. Ал курама үчүн жалпысынан 186 беттеш өткөрүп, 109 гол киргизген.