Орусиянын президенти Владимир Путин 15 өлкөнүн парламенттеринин өкүлдөрү катышып жаткан БРИКС парламенттик форумунда кайрылуу жасады.
Ал жаңы геосаясий, экономикалык, демографиялык реалдуулукту чагылдырган дүйнөлүк тартиптин калыптанышы татаал процесс экенин белгилеп, мында парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду.
Ошондой эле ал БРИКСтин азырынча институтташтырылган парламенттик структурасы жок экенин айтып, келечекте бул идея сөзсүз ишке ашарына ишенерин кошумчалады.
Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан 10-БРИКС парламенттик форумуна Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган кыргыз делегациясы да катышууда.
Белгилей кетсек, БРИКС алгач Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы тарабынан 2006-жылы түптөлгөн. Уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa). Кийин уюмга Иран, Египет, Эфиопия жана Бириккен Араб Эмираттары кошулган.