Футбол: Кыргызстандын курамасы Борбор Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду

Кечээ, 12-июлда Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалдык оюну орун алып, анда Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди.

Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин күмүш медалдарына ээ болушту.

Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда болуп, Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү.

Турнирдин жыйынтыгы:


1-орун – Иран
2-орун – Кыргызстан
3-орун – Өзбекстан
4-орун – Тажикстан
5-орун – Ооганстан
6-орун – Түркмөнстан

Финалдык беттештен масштабдуу жабылуу аземи орун алды. Кубокту Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан