Парламентте кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев 12-июлда кыргызстандык жарандарды чет мамлекеттерде, анын ичинде Европада жумушка орноштуруудагы маселелерден улам жыйын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйында кыргызстандыктарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу багытында иш алып барган “Евро хантер” компаниясынын айланасындагы жагдай талкууланды. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Мирлан Муратов учурдагы жагдай боюнча маалымат берип, келишим түзүп, компанияга катталгандар менен иш алып барып жатканын билдирди.

Азыгалиев компанияны катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелерди аткарууга чакырып, узак убакыт бою кызмат көрсөтүүнү күткөн бардык жарандарга акча каражаттарын кайтарып берүү маселесине көңүл бурду.

Ошондой эле ал лицензия берген мамлекеттик органдарга кайрылып, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо маселелери боюнча иш алып барууну табыштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан