Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин жыйынына катышты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйында төрага Жогорку Кеңештин демилгеси менен жыл сайын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп келе жаткан “Шериктештиктин балдары” IX Эл аралык маданий-билим берүү форумунун жыйынтыгы тууралуу баяндама жасады.
Эскерте кетсек, “Шериктештиктин балдары” форуму 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет.