Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин кезектеги отуруму өттү.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарада КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышын чыңдоодо Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ролу чоң экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Ассамблеянын өнүгүшүнө жана парламенттер аралык байланышты арттырууга кошкон өзгөчө салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге атайын медаль ыйгарды.
Жыйындын жүрүшүндө парламенттик ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер талкууланып, КМШ алкагындагы алакаларды арттырууга багытталган сунуш-пикирлер айтылды.