Израил аскерлери Газа тилкесинин түштүгүндө жайгашкан Хан Юнус шаарына жакын жердеги Аль-Маваси аймагын бомбалоодо 70тен ашуун киши набыт болуп, 300дөйү жарадар болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги көптөгөн жарадарлардын Насер ооруканасына оор абалда келгенин билдирди.
Израил армиясы Газа шаары жана Рафахтагы операцияларын улантканын жарыялап, "аскерлер аба күчтөрү менен кызматташып, акыркы 24 сааттын ичинде Газа шаарында бир нече согушкерди жок кылышты" деп билдирди.
Жабыркагандар башка аймактарда да катталды. Дейр аль-Балах шаарында турак жайга жасалган аба соккусунан беш киши, анын ичинде үч бала набыт болду.
Жергиликтүү Саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматы боюнча, Израилдин Газа тилкесин басып алган тогуз айдан ашык убакытта 38 миң 300дөн ашуун палестиналык набыт болгон, алардын көбү аялдар жана балдар. Ал эми 88 миң 300дөй киши жаракат алган.