Садыр Жапаров Караколдогу "Байсары уулу Кыдыр аке" аскер бөлүгүнө барды (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, УКМКнын Чек ара кызматынын Каракол шаарында жайгашкан "Байсары уулу Кыдыр аке" атындагы №2028 аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, 1965-жылы түзүлгөн аскер бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдолбогондуктан жараксыз абалга келип, урай баштаган. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен объектте капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аскердик бөлүктүн базасында Чек ара кызматынын кенже командирлерин даярдоочу окуу борборун ачуу, ошондой эле «Бедел», «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана Каракол эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аскер кызматкерлеринин жеке курамын кеңейтүү пландалууда.

Мамлекет башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, кызмат өтөө үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу жана аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын сактоо үчүн инфраструктураны жаңыртуу маанилүү экенин баса көрсөттү.

Президент Жапаров аскер бөлүгүн реконструкциялоону жана заманбап техникалар менен жабдууну тездетүүнү тапшырып, аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо, анын ичинде жашоо шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи.

13.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан