Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда "Каракол" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинин жана жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчыга саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу жакынкы арада аяктай турганы тууралуу маалымат берилди. Бул аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул объекттин курулушу быйыл күзүндө бүткөрүлүп, объект пайдаланууга берилерин билдирди.
Долбоорго ылайык, жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу пландалууда. Бул өзгөртүү эки моторлуу, орто аралыктагы кууш фюзеляждуу жүргүнчүлөрдү ташуучу, кыска жана орто аралыкка учуучу учактарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
Президент Жапаров Туманбаевге аэробекеттин ички имараттарын көрүп чыгып, аэропорттун курулушунун сапатын эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына шайкеш келтирүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.