АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамптын өмүрүнө кол салуудан кийин анын шайлоодо жеңишке жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикачыл конгрессмен Деррик ван Орден Politico басылмасына берген маегинде билдирди.
"Трамп бул кол салуудан аман калды жана ал шайлоодо жаңы эле жеңишке жетти", - деди саясатчы журналисттерге.
Республикачылар партиясынын башка өкүлдөрү да бул окуя Трамптын өлкөнүн болочок президенти катары шайлоодо утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизет деп болжошууда.