Дональд Трамптын кол салуудан кийин биринчи жолу эл алдына чыккан видеосу тарады

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин алгачкы жолу эл алдына чыкты. Анын Нью-Жерси аэропортундагы аба майданда траптан түшүп келе жаткан видеосун жардамчысы Марго Мартин X социалдык тармагында бөлүштү.

"Ал күчтүү жана чыдамкай. Америка үчүн күрөшүн эч качан токтотпойт", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган. Анын кулагына ок тийген.
Атайын кызмат ок аткан адамды дароо өлтүргөнүн маалымдаган. Атышуудан бир көрүүчү каза болуп, эки адам оор жаракат алганы кабарланды.
ФБР ок атууларды адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен иликтеп жатканын жарыялады. Ал эми ок аткан адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин маалымдады.
Трамп өлтүрүү аракетинен кийин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан