"2022-жылы мектепти аяктаган". Дональд Трампка кол салган Томас Крукс ким болгон?

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты өлтүрүүгө аракет кылган адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин АКШнын Федералдык иликтөө бюросу билдирди.

ФБРдин маалыматына караганда, Томас Крукс Пенсильвания штатындагы Бетел-Парк шаарынан болгон. Бул шаар Трампка кол салуу орун алган Батлер шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Крукстун жанында эч кандай документтери болгон эмес жана тергөө аны ДНК аркылуу аныктаган. Ал 2022-жылы Бетел-Парк орто мектебин аяктап, математика жана табигый илимдердеги жетишкендиктери үчүн сыйлыкка ээ болгон. Мектепти аяктагандан кийин Крукс үйүнөн алыс эмес жерде Карылар үйүнүн ашканасында иштечү.

Республикачылар партиясынан талапкер Трампка кол салууга аракет кылган жигит өзү Республикачылар партиясынын колдоочусу катары расмий катталган. Бирок үч жыл мурун ал Демократиялык партияны колдогон ActBlue уюмуна 15 доллар кайрымдуулук кылган.

Укук коргоо органдары Томас Крукс атышууда колдонгон куралды анын атасы мыйзамдуу түрдө алты айдан ашык убакыт мурун сатып алганын аныкташкан. Азырынча анын кол салуусунун мотиви аныктала элек. Крукстун телефону экспертизага жөнөтүлгөн жана анын акыркы байланыштарын алдын ала кароодо кол салууга байланыштуу эч нерсе табылган эмес. Ошондой эле Крукстун психикалык жактан жабыркаарын көрсөткөн эч кандай маалыматтар жок.

Томас Крукстун 53 жаштагы атасы Мэтью Крукс CNN телеканалына берген маегинде, эмне болгонун такыр билбегенин жана уулу тууралуу билдирүү жасаардан мурун укук коргоо органдары менен сүйлөшүү керектигин айтты. Укук коргоо органдары Бейтел-Парктагы Крукстардын үйүн курчоого алып, бардык кошуналарын шашылыш түрдө эвакуациялаган.

Reuters агенттиги Томас Крукстун социалдык тармактардагы аккаунттары табылбай жатканын жазды. Фейсбук менен Инстаграмга ээлик кылган Meta компаниясы азырынча шектүү менен байланышкан аккаунттар жок кылынганы же кылынбаганы тууралуу суроолорго жооп бере элек.

Белгилей кетсек, Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган. Анын кулагына ок тийген.
Атайын кызмат ок аткан адам дароо жок кылынганын маалымдаган. Окуя болгон жерден жарым автомат мылтык табылган. Атышуудан акциянын бир катышуучусу набыт болуп, эки адам оор жаракат алганы кабарланган. ФБР ок атууларды адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен иликтеп жатканын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан