АКШнын президенти Жо Байден атайын кызматка мурдагы президент Дональд Трампка Пенсильваниядагы кол салуу аракетинен кийин аны толук коргоону тапшырганын билдирди.
"Мен атайын кызматка бардык ресурстарды иштетүүгө жана анын толук корголушун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө буйрук бердим", - деди Байден Ак үйдөгү атайын кайрылуусунда.
Мамлекет башчысы ошондой эле Трампка кол салууну ар тараптуу жана тыкыр иликтөөнү буюрганын кошумчалады.