АКШнын президенти Жо Байден өзүнөн мурунку президент Дональд Трампка кол салуу аракетин иликтөө тездик менен жүргүзүлөрүн убада кылды.
"Мен тергөөнүн кылдат жана ыкчам болушун тапшырдым. Америкада зомбулукка же бул өңдүү нерселерге орун жок. Адам өлтүрүү аракети биз улут катары жактаган бардык нерсеге каршы келет. Биз андай эмеспиз. Буга жол бере албайбыз", - деди Байден брифингде.
Ошондой эле ал элди окуянын бардык жагдайлары такталмайынча кол салуучунун ниети тууралуу божомолдорго алдырбоого чакырды.