АКШнын мурдагы президентти Дональд Трампка ок аткан адамдын унаасынан жардыргыч заттар табылганын американын басылмалары укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, кол салууга шектелип атайын кызмат тарабынан өлтүрүлгөн Томас Мэтью Крукс айдаган унаа шайлоочулар менен жолугушуу өтүүчү жерге жакын токтотулган.
Эске салсак, президенттикке талапкер Трамп Пенсильвания штатында сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган. Анын кулагына ок тийген.