НАСАнын "Жеймс Уэбб" космостук телескобу эки галактиканын биригүүсүн тартып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Пингвин" жана "Жумуртка" аталышындагы галактикаларынын биригиши Arp 142 деп аталат. "Уэбб" телескобу көк түстөгү туманды, тагыраагы, жылдыздар менен газдын аралашмасын көрсөткөн.
"Космос агенттигинин маалыматы боюнча, алардын үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсү 25 жана 75 миллион жыл мурунку аралыкта башталган. Алар жүз миллиондогон жылдардан кийин бир галактикага биригет", - деп жазылат анда.
"Жеймс Уэбб" телескобу 2021-жылы жайгаштырылган жана кийинки жылы маалыматтарды чогулта баштаган. Ал ааламдын укмуштуудай сүрөттөрүн жаратууга жардам берген.