Парижде Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышынын алдында "Нобель" сыйлыгынын 51 лауреаты дүйнөдөгү куралдуу кагылышууларды, анын ичинде Украинадагы жана Газа тилкесиндеги согуштарды токтотууга чакырды.
Каттын авторлору учурда дүйнөдө кеминде 55 куралдуу кагылышуу болуп жатканын жана Украинадагы согуш Европа континентинин аймагында бир нече ондогон жылдардагы биринчи жаңжал болгонун белгилешкен.
Алардын кайрылуусу диний лидерлерге, БУУга, Европарламентке жана ЕКПАга багытталган.
"Нобель" сыйлыгынын ээлери согушта каза болгондордун арасында 30-40 жаштагылар басымдуу экенин белгилешкен.
Алар дүйнөлүк коомчулукту жаңжалдарды жөнгө салууга үндөшүүдө.
"Бири-бирибизди өлтүрбөйлү. Ок атууну токтотуу керек", - деп жазылат катта.