Аргентинанын футбол боюнча курама командасы Колумбияны утуп, Америка кубогун жеңип алды алды.
Майамидеги (АКШ) "Хард Рок" стадионунда өткөн финалдык беттештин негизги бөлүгү эч кандай гол киргизилбей аяктагандыктан, оюндун жеңүүчүсү кошумча убакытта аныкталды. Анда чечүүчү голду 112-мүнөттө Лаутаро Мартинес киргизип, аргентиналыктарга жеңишти алып келе алды. Ал эми кураманын чабуулчусу, футбол жылдызы Лионель Месси 65-мүнөттө жаракат алып, оюнду уланта алган жок.
Муну менен Аргентина өз тарыхында 16-ирет Америка кубогун жеңип, Уругвай курамасын (15 жеңиш) ашып өттү жана турнирдин рекордчусу аталды.