АКШнын мурдагы президентти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп күйөөсүнө болгон кол салуудан кийин америкалыктарды биригүүгө чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн X социалдык тармагы аркылуу кайрылганын чет элдик басылмалар жазууда.
"Таң кайрадан агарды. Келгиле, биригели. Азыр", - деп жазган Мелания.
Ошондой эле саясатчынын жубайы мекендештерин саясий карама-каршылыктарды жеңүүгө үндөгөн.
Буга чейин анын уулу билдирүү жасап, атасы Американы сактап калуу үчүн күрөшүн эч качан токтотпой турганын айткан.
Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Трамп Пенсильвания штатында сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган. Анын кулагына ок тийген.