Чүй облустук соту Олжобай Шакирге чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

Бүгүн, 15-июлда Чүй облустук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин адвокаттарынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызы боюнча сот отуруму өттү.

Соттун жүрүшүндө жактоочу Акмат Алагушев жараянды видео, сүрөткө тартууга уруксат сурады. Судьялар аны канааттандырган жок.

Айыпталуучу суралып бүткөн соң кылмыш иши райондук сотто изилденгендиктен тараптардын уруксаты менен жарыш сөзгө өтүштү.

Анда Олжобай Шакир күнөөсүн моюнуна албай турганын кайталады.

Жактоочу Акмат Алагушев Олжобай Шакирди актоону өтүндү. Ал эми прокурорлор айыпталуучунун күнөөсү далилденгенин айтып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну суранды.

Сот кеңешүүгө кетип, жыйынтыгында облустук сот райондук соттун чыгарган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Олжобай Шакирдин соту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан