БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 11-июлдагы жыйынында Кыргызстан демилгелеген резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, колдоо тапкан резолюциянын максаты – чакан же Женевада өкүлчүлүгү жок мамлекеттердеги адам укуктарына байланышкан маселелерди жакшыртууну көздөйт.
Аталган документтин долбоорун кеңештин мүчөлөрүнө Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Омар Султанов тааныштырды.
Ошондой эле ТИМ бул резолюция Бишкектин эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамиле түзүүсүнө, өнүгүп келе жаткан, чакан жана арал өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин тышкы саясатынын гармониялуу уландысы болуп саналарын белгиледи.