Эстониянын премьер-министри Кажа Каллас баштаган өлкөнүн өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта Каллас буга чейин отставкага кетүү тууралуу арызын Эстониянын президенти Алар Кариске тапшырганы айтылат. Жаңы Министрлер кабинети кызматка киришкенге чейин Каллас премьер-министрлик милдетин аткарат.
Эске сала кетсек, Кажа Каллас 28-июнда Брюсселде өткөн саммитте Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн лидерлери анын талапкерлигин ЕБинин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү кызматына жактырганына байланыштуу кызматынан кетип жатат.