"Мен өлүшүм керек болчу". Трамп өзүнө болгон кол салуу боюнча айтты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Пенсильванияда ага карата жасалган кол салуудан каза болуп калышы мүмкүн болгонун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, башын бир аз оңго бурбаганда ок өмүрүн алмак.

"Ооруканадагы дарыгер мындайды эч качан көрбөгөнүн айтты. Ал муну керемет деп атады. Мен бул жерде болбошум керек эле. Мен өлүшүм керек болчу", - деген Трамп New York Post гезитине берген маегинде.

Ошондой эле мурдагы президент АКШнын жашыруун кызматын ок аткан адамды жок кылгандыгы үчүн мактоого алган.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Трамп Пенсильвания штатында сөз сүйлөп жатканда ага куралдуу кол салуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан