Кувейттин мунай корпорациясы (Kuwait Petroleum) Файлака аралынын чыгыш тарабындагы ал-Нохата тилкесинен жалпы көлөмү 3,2 миллиард баррелге бааланган ири мунай запасын тарты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, компаниясынын башкы директору Шейх Наваф Сауд Насир аль-Сабах X социалдык тармагына жүктөгөн видеодо жаңы кендин кору өлкөнүн бардык өндүрүшүнүн үч жылдык табуусуна барабар экени айтылат.
Алдын ала эсептөөлөр ал жерде 2,1 миллиард баррелге жакын мунай жана 5,1 триллион куб фут газ бар экенин көрсөткөн. Бул болжолдуу 3,2 миллиард баррел мунай эквивалентине барабар.
Кувейт мунай корунун көптүгү жагынан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет.