Түркиянын Измир шаарында жаан жаап жаткан учурда эки адам электр кабели өткөн жолдогу көлчүктү кечип каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, каргашалуу окуя көчөдөгү көзөмөл камерасына түшүп калган. Анда аял көлчүккө биринчи кадам таштап, дароо кулап түшкөн. Экинчи киши жардамга келип, тургуза албай жанына кулаган. Окуя бир заматта болуп, айланасындагы чогулгандар түшүнбөй калганын көрүүгө болот.
“Иликтөөнүн алкагында эки адам каза болгон жерде казуу иштери башталды. Натыйжада электр зымдары ачылып, темир люктун айланасына биригип калган. Маалым болгондой, мындан беш жыл мурун жергиликтүү гезиттердин бирине бул көчөдө ток уруп жаткандыгы боюнча соодагерлердин нааразычылыгы жарыяланып, аз өтпөй оңдоо иштери жүргөн”,- деп кошумчаланган маалыматта.