"Манчестер Ситинин" дарбазачысы Эдерсон Мораес карьерасын Сауд Арабиянын клубунда улантышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, футболчу Криштиану Роналдунун клубу "Аль-Наср" "Манчестер Ситиге" Эдерсон үчүн 30 миллион евро сунуштаган.
"Аль-Наср" англиялык клубга жооп берүү үчүн 48 саат убакыт берди. "Манчестер Сити" бул сунуштан бар тартышы мүмкүн экендиги айтылат. Анткени аталган клуб Эдерсон үчүн эң аз дегенде 50 миллион алууну күтүүдө.