"Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова бүгүн, 16-июлда 40 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыгып, бүгүнкү маанайы менен бөлүштү.
"Биринчилерден болуп жакын курбуларым Гүланда менен Элиза куттуктап келишти. Белекти эми ала баштайм, буюрса. Негизи туулган күнүмдү белгилебейм. Бүгүн кош майрам, Мүзүр экөөбүздүн баш кошконубузга 22 жыл толду. Бирок белгилебейбиз. Ар бир күндү туулган күнүбүз деп билебиз, ошол үчүн бул биз үчүн жөн гана жакшы күн", - дейт ырчы.
Гүлмира Шарипова жолдошу Мүзүр Мамбетов менен быйыл концерт берүүнү пландап жатышканын кошумчалады.

Гүлмира Шарипова - "Кеңеш" тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетовдун жубайы. Ал 1984-жылы 16-июлда Токтогул шаарында туулган. 22 жылдан бери турмуштун ысык-суугуна бирге чыдап, бири-бирине эриш-аркак болуп жашап келе жаткан таланттуу жубайлар 1 уул, 1 кызды тарбиялап келет.

SUPER.KG порталына жана "Супер-Инфого" берген маегинен үзүндүлөр:
- "Кичинекейимде өтө ыйлаак кыз болуптурмун. Апамдар менден бир аз эс алып алалы деп чоң ата, чоң энемдин колуна таштап кетишчү. Апамдар келсе эптеп эле кетиштин айласын кылып, "мени алып кеткиле. Булар мага уй саадырат, үй жыйнатат, кир жуудурат, жадакалса отун да жардырат. Бул кемпир-чал сасык, жуунушпайт, биттер оозуна кирип кетип баратканын көрдүм" деп жалганды эле айта берчү экенмин".
- "Адамдарга болгон көз каршым өзгөрдү. Мурда баарына ачыла берчүмүн, азыр антпей калдым. Өзүм кыйналып турсам да башкаларга жардам бере берчүмүн. Сен кыйналып турганда алар сага кол сунбайт экен. Күндө чай ичишип жүргөндөрдүн саламга да келбей калганына таң калдым. Мурда “жоолук салынсам той, концерттерде ырдай албай калам” дей берчүмүн. Бир күнү түшүм аян берди, “Кудай сага баарын бериптир, башыңды жап” деген үн угулду. Ушундан кийин бир чечимге келдим".
- "Уулум Медерге чейин 3 балам чарчап калган. 11 жолу боюмдан түшкөн. Кызымды төрөгөндө апам “сага бала керекпи?” деди, “ооба” десем, “мага да менин кызым керек” деп ыйлаган. 2 баламдын бар экенине шүгүр. Ушулардын балдарын көрүүнү Кудай насип кылсын. Уулум 17ге чыгат, студент. Кызыбыз 11 жашка чыгат. Кызыбыз биз үчүн дагы деле алдей. Экөө тең ырчы болом дебейт".
- "Мүзүр күлүп-жайнап эле жүрө берет. Менин үйүмдүн эрке күйөө баласы, кайната-кайнене дегенди билбейт, өзүнүкүндөй көрүп эле апама "мага бул тамакты жасап бериңизчи" деп эркелей берет. Кээде апам атайын келип Мүзүргө тамак жасап берип кетет".
16-июлга карата жылнаама.