Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили жакында кабыл алынган "чет элдик агент" мыйзамына каршы Конституциялык сотко доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын парламенттеги катчысы Георгий Мсхиладзе брифинг учурунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда Мсхиладзе презденттин дооматында аталган мыйзам өлкөнүн Конституциясынын бир нече, анын ичинде Европа Биримдиги менен НАТОго интеграция болууга карай умтулуу жөнүндөгү беренеге каршы келери, ошондой эле грузин жарандарынын баш мыйзамдагы кепилдеген бир топ укуктары дагы тебелене турганы белгиленгенин айткан.
Буга чейин 18-майда Зурабишвили вето укугунан пайдаланып мыйзамга бөгөт койгон болчу. Бирок парламенттеги көпчүлүк орунга ээ "Грузин кыялы" май айынын аягында ветону жокко чыгарууга жетишкен.
14-майда "Грузин кыялы" партиясы тарабынан кабыл алынган долбоорго ылайык, каржысынын 20 пайыздан ашыгын чет жактан алган бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттары "чет элдик бийликтин кызыкчылыгын көздөгөндөр" катары каттоодон өтүшү керек. Бул чараларга баш ийбеген уюмдар 9200 долларга чейин айыпка жыгылат жана кийин талаптарды аткарбагандар ар бир кийинки ай үчүн 7300 доллар кошумча айып төлөөгө милдеттендирилет.
Мыйзамга каршы тарап долбоор Орусиядан көчүрүлүп алынган деп айыптап келишет.