Евро-2024: Финалдагы жеңилүүдөн кийин Англиянын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Футбол боюнча Англия улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Гарет Саутгейт кызматынан кетти. Бул тууралуу өлкөнүн футбол ассоциациясы билдирди.

"102 оюдан кийин жана дээрлик 8 жыл башкаруудан соң Саутгейт кызматынан кетип жатат", - деп жазды Англиянын футбол ассоциациясы.

53 жаштагы машыктыруучу 2016-жылдан бери улуттук кураманы машыктырып келет. Анын жетекчилиги алдында команда 2020 жана 2024-жылдары Европа чемпиондугунун финалына чейин жетти.

Эске салсак, 14-июлда Германияда өткөн футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалында Англия Испанияга 1:2 эсебинде утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан