15-июлунан тарта Таиланд өкмөтү Казакстан менен Өзбекстандын жарандары үчүн расмий түрдө визасыз режимди киргизди. Бул Түштүк-Чыгыш Азия өлкөсүнө 60 күнгө чейин кошумча документтерди толтурбастан кирүүгө мүмкүндүк берет. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалымдалгандай, Өзбекстандын Таиланддагы башкы консулдугу буга чейин 57 өлкөнүн өкүлдөрү бул мамлекеттин аймагына визасыз кире аларын айткан. Эми расмий Бангкок дагы 36 өлкөнүн, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстандын жарандары үчүн ушундай процедураны бекитти.
Жаңы режим Таиландга каалаган чек ара бекеттеринен кирүүгө уруксат берет. Бул инновация экономиканы стимулдаштыруу максатында ишке ашырылган жана келечекте жокко чыгарылышы мүмкүн экендиги айтылган.