Килиан Мбаппе "Реал Мадрид" үчүн дебюттук оюнун качан өткөрөрүн айтты

Франциялык чабуулчу Килиан Мбаппе УЕФАнын Суперкубогу үчүн "Аталантага" каршы оюнга даяр экенин айтты.

"Албетте, мен Суперкубокко даярмын. Бирок баары машыктыруучудан көз каранды. Мен оюнга даяр болуу үчүн гана иштейм”, - деди Мбаппе презентациясынан кийинки маалымат жыйында.

Бүгүн, 16-июлда "Сантьяго Бернабеу" стадионунда Килиан Мбаппенин жаңы клубундагы расмий презентациясы өттү.

УЕФАнын Суперкубогу үчүн "Реал Мадрид" менен "Аталанта" клубдары ойнойт. Оюн 15-август күнү Варшавада өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан