Колумбиянын футбол федерациясынын жетекчиси Жесурун Рамон жана анын уулу Хамил Рамон Америка Кубогунун финалынан кийин камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, финал бүткөндөн кийин Хесурун уулу менен журналисттер отурган жайга бара жаткан. Жолдо аларды коопсуздук кызматкери токтотуп, алар менен уруша кеткен. Андан соң чыр чыгып, федерация башчысынын уулу коопсуздук кызматкерин мойнунан кармап жерге жыгып, андан соң бир нече жолу муштум менен урган.
Учурда федерациянын президенти жана анын уулу Тернер Гилфорд Найт түзөтүү борборунда камакта.
15-июлга караган түнү Америка Кубогунун финалы Майамидеги "Хард Рок" стадионунда өткөн. Финалда Аргентина Колумбияны утуп алган.