Караганда облусунда болгон кырсыктан 8 адам жабыркап, бардыгы ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Алматы-Екатеринбург унаа жолунда эки унаа кагылышкан.
"Окуя болгон жерге дароо ӨКМдин куткаруучулары барышып, ар кандай оордуктагы 8 жабырлануучуга жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен", - деп айтылат маалыматта.