Иран Трампка кол салуу аракети боюнча айыптоолорду четке какты

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамптын өмүрүнө кол салууга Ирандын катыштыгы бар деген маалымат бир жактуу экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Бул айыптоолор негизсиз жана бир жактуу. Ирандын көз карашы боюнча, Трамп Сардар Сулейманини өлтүрүүгө буйрук бергени үчүн сотто каралып, жазаланышы керек болгон кылмышкер", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

16-июлда CNN телеканалы өз булактарына таянып, Ирандын атайын кызматтары Трампка кол салуу аракетин пландап жатканын билдирген.

Эске салсак, буга чейин АКШнын Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган.

Дональд Трампты өлтүрүүгө аракет кылган адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин АКШнын Федералдык иликтөө бюросу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан