18-июлда мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Ташкенттеги Форумдар сарайында өткөн ачылыш аземге эки лидердин жубайлары Айгүл Жапарова менен Зироатхон Хошимова да барды.
Программанын алкагында жогорку даражалуу меймандар үчүн гала-концерт уюштурулуп, анда кыргыз жана өзбек драма театрларынын актёрлорунун аткаруусундагы “Улут жүзү” театралдык оюну коюлган.
Ошондой эле Нурдин Түгөлов атындагы кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли аткарган “Эргиме” хореографиялык композициясы тартууланып, Муса Баетовдун репертуарынан “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы “Сагынам” чыгармасы жаңырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү 22-июлга чейин созулат.