Израилдин премьер-министри Нетаньяху Газа тилкесине барды (видео) 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына барганын премьер-министрдин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман билдирди.

Нетаньяху Израил армиясынын 162-дивизиясы жайгашкан жерге барып, аскер кызматкерлери менен баарлашты. Анда ал Израилдин Филадельфия коридорун - Газа тилкеси менен Египеттин чек арасындагы аймакты жана Рафах көзөмөл-өткөрмө пунктундагы анклавда операцияны улантуу үчүн дүйнөлүк мааниге ээ экенин айтты.

Премьер-министр палестиналык ХАМАС кыймылына Израил армиясы тарабынан көрсөтүлгөн аскердик кысым анклавдагы барымтадагыларды бошотууга шарт түзөрүн айтты.

Израилдин премьер-министри Нетаньяху Газа тилкесине барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан