Дубай эмиринин кызы күйөөсү менен ажырашканын социалдык тармактар аркылуу жарыялады

Дубай эмири жана Бириккен Араб Эмиратынын премьер-министри Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун кызы Махра бин күйөөсү менен ажырашканын социалдык тармактар аркылуу жарыялады.

Ал үч ирет "мен сени менен ажырашам" деп жазган.

"Урматтуу күйөөм! Башка иштер менен алек болуп жүргөнүңдөн ажырашканыбызды жарыялайм. Сак бол! Сенин мурунку аялың", - деп жазган ал.

Daily Mail басылмасы жазгандай, бул билдирүүдөн соң жубайлар социалдык тармактардагы чогуу түшкөн сүрөттөрүн өчүрүп салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан