Административдик-аймактык реформа мыйзамына президент кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Мыйзамдын максаты өлкөнүн бардык региондорунда административдик-аймактык бирдиктерди түзүүгө жана бекитүүгө багытталган.

"Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасында ирилештирилген административдик-аймактык бирдиктерди түзүү жана алардын административдик чек араларын бекитүү каралган. Жалпысынан 235 бириккен айылдык аймактын жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги 33 шаардын администрациялык чек аралары бекитилет", - деп айтылат маалыматта.

Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ке чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан