Демократтардан шайланган АКШнын мурдагы президенти Барак Обама өлкөнүн азыркы лидери Жо Байдендин алдыдагы шайлоодо жеңүү мүмкүнчүлүгүнө тынчсыздануусун билдирди. Обама Байден талапкерлиги алдыдагы шайлоодо канчалык "туруктуу" болорун ойлонушу керек деп эсептейт.
The Washington Post гезитинин жазганына караганда, мурдагы президент Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелоси жана башка өнөктөштөрү менен Байдендин шайлоо өнөктүгүнүн келечегин талкуулады. Обама америкалыктар Байдендин талапкерлигинен баш тартып жатканын көрсөткөн сурамжылоолорго тынчсызданууда.
Буга чейин Байден шайлоо жарышынан баш тартпай турганын бир нече жолу билдирген. Бирок, The New York Times гезитинин жазганына караганда, акыркы күндөрү ал өнөктүктөн баш тартуу ыктымалдыгы тууралуу аргументтерди угууга даяр жана вице-президент Камала Харристи шайлоонун келечегине кызыккан.
Кырдаал белгисиз бойдон калууда жана шайлоо өнөктүгүн улантуу же саясий жарыштан четтөө боюнча акыркы чечим азыркы президенттин эркинде. Президентик шайлоо 5-ноябрда өтмөкчү.