Эрдоган менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын 45-президенти жана президенттикке талапкер Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, Эрдоган Трампка кол салуу аракетин дагы бир жолу айыптап, өкүнүчүн билдирди жана анын тезирээк сакайып кетишин каалады.

"Президент Эрдоган бул кол салуу аракетин “демократияга кол салуу” катары сыпаттады жана "кара ниет чабуулдан кийин Трамптын кайраттуу жообу демократияны бекемдеди жана бул Америка элинин ага болгон ишениминин далили” деп белгиледи", - деп билдирди Түркиянын президенттик администрациясынын маалымат кызматы.

Ошондой эле ал Трампты Республикалык партиядан АКШнын президенттигине талапкерлигине расмий көрсөтүлүшү менен куттуктады. Эрдоган АКШда ноябрь айында өтүүчү президенттик шайлоонун Америка элине жана Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштарга пайда алып келерине үмүт артарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан