Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соттолгондорду өткөрүп берүү келишимине кол коюлду

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соттолгондорду өткөрүп берүү келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы прокурорлору Максат Асаналиев жана Нигматилла Юлдашев эки өлкөнүн ортосунда эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүштү.

"Келишим эки мамлекеттин ортосунда соттолгон адамдарды которуу маселелеринде кызматташтыкты түзүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Бул документке кол коюу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ишенимдин жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан